15:51 26 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD69.0754
  • EUR81.2361
  • RUB1.0494
Ан-28 учагы. Архивдик сүрөт

Алматыда кыйраган учак: дарыгерлер оор абалдагы аял менен ымыркайга бара жаткан

CC BY 2.0 / Ronnie Macdonald / Antonov AN-28B1R
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Алматыга жакын жерде кулаган АН-28 учагы (3)
286 0 0

Бейтап Шымкент облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Алматыда кыйраган Ан-28 учагындагы дарыгерлер оор абалда жаткан аял менен ымыркайга бара жатышканын Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Бейтап Шымкент облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

Белгилей кетсек, кырсык 3-октябрда кечке жуук болгон. East Wing авиакомпаниясына таандык учак медициналык жардам көрсөтүү максатында Алматы — Шымкент каттамы боюнча багыт алган. Учак абага көтөрүлгөндөн 12 мүнөт өткөн соң радардан жоголуп кеткен. Кийинчерээк ал Иле районун айыл чарба аймагына кулаганы белгилүү болгон.

Кеменин командири Кыргызстандын жараны Г.Н.Цой, ал эми экинчи учкуч Казакстандын жараны Е.Кутафин болуп чыкты. Мындан сырткары техник жана эки медицина кызматкери бар болчу. Учактын ичиндегилеринин баары каза болгон.

Тема:
Алматыга жакын жерде кулаган АН-28 учагы (3)

Тема боюнча

Алматыда кыйраган учактын командири КР жараны болуп чыкты
Белгилер:
Кыйроо, учак, Алматы
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ