БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында имараттын чатырын оңдоп аткан 62 жаштагы адам ошол жерде каза тапканын ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Кырсык кечээ күнү саат 15.30да Кайназарова көчөсүнүн №30 дарегинде жайгашкан ветеринардык дарылоо жайынын чатырында оңдоо иштери жүрүп жаткан маалда болгон.
ӨКМ куткаруучулары 62 жаштагы эркектин сөөгүн чатырдан түшүрүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Бишкек шаардык милициясынан кырсыктын чоо-жайы такталып жатканын кабарлашты.