КРде террордук уюм түзүү үчүн жөнөтүлгөн кыргызстандык жаран кармалды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүПогранзастава "Западная" в акватории Калининградского залива
Погранзастава Западная в акватории Калининградского залива - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган кишиге карата кылмыш иши козголуп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети террордук топторду жок кылуу боюнча ИИМ менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө эл аралык террордук уюмдун мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Шектүүнү кармоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Теракт жасоо үчүн жиберилген 22 жаштагы кыргызстандык кармалды
Ага ылайык, колго түшкөн жаран 20 жашта. 2016-жылы чет жакка чыгып, эл аралык террордук уюмдун эмиссарлары тарабынан үгүттөлгөн. Андан сырткары, Сирияга диверсиялык даярдыктан өтүү үчүн жиберилген.

Кийин ага Кыргызстанда көмүскө террордук уюм түзүү тапшырмасы берилген.

Анын жашаган жерин тинтүү учурунда ИЖ 58-20м үлгүсүндөгү мылтык табылган.

Кармалган кишиге карата кылмыш иши козголуп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0