Жалал-Абад — Казарман жолуна кар көчкү түштү

© Фото / пресс-служба МЧС КРКар көчкү. Архив
Кар көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчкү болжол менен эртең мененки саат сегиздер чамасында түшкөн

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жалал-Абад — Казарман унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"29-сентябрда саат 08:00дөр чамасында Жалал-Абад — Казарман жолунун 42-50-чакырымына кар көчкү түшүп, автоунаа жолу убактылуу жабылды", — деп айтылат ӨКМдин маалыматында.

Министрликтен №31 жол тейлөө ишканасынан автожүктөгүч жолду тазалоо иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалашты.

ӨКМ буга чейин 29-30-сентябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолуу аймактарга кар жаай турганын эскерткен эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0