Кара-Сууда 5 жашар баланын өмүрүн алган жол кырсыгынын чоо-жайы

Жазылуу
Маршрутканын мас айдоочусу ылдамдыгын жогорулатканда коңшусунун баласы унаанын терезесинен секирип кеткен

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кара-Суу районунда 5 жашар баланын өмүрүн алган жол кырсыгынын чоо-жайы белгилүү болгонун Ош ОИИБ билдирди.

Буга чейин милициядагы булак жол кырсыктан эки бала каза болгонун кабарлаган.

ОИИБдин маалыматы боюнча каргаша 27-сентябрь күнү Төлөйкан айыл аймагынын Учар айылында болжол менен саат 20.00дөрдө болгон. Маршрутканын 26 жаштагы мас айдоочусу желимдөөчү жайга бара жаткан.

"Унаа ичинде айдоочунун кошунасынын 5 жаштагы баласы болгон. Кайсы бир маалда айдоочу ылдамдыгын катуулата баштаган. Коркуп кеткен бала эшикти ачып сыртка секирген да дөңгөлөк алдында калган. Учурда бала өлүмүнүн себеби такталып жатат", — дешти маалымат кызматтан.

Айдоочу кармалды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери башталганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0