Ысык-Көл облусунда кишини өлтүрүп туруп өрттөп жиберишкен

© Sputnik / Табылды КадырбековТуристический сезон на Иссык-Куле
Туристический сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кишинин башына машинанын дөңгөлөгүн кийгизип туруп өрттөп жиберишкен деп ЖМКларга чыккан маалымат тастыкталган жок.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда денеси күйгөн кишинин сөөгү табылган. Бул тууралуу облустук ИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Кишинин сөөгү бир жума мурда табылган. Кароо учурунда маркумдун денеси күйгөнү аныкталган. Милиция анын башына машинанын дөңгөлөгүн кийгизип туруп өрттөп жиберишкен деген маалыматты төгүнгө чыгарды.

Маркум 48 жашта болгону жана таксист экени аныкталды. Адам өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Шектүүлөр изделүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0