Бишкекте жүк ташуучу унааны сүзгөн жеңил машина өрттөнүп, айдоочусу каза болду

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүСитуация в Луганске
Ситуация в Луганске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркум 36 жашта экени белгилүү болду

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкекте токтоп турган Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны Mercedes жеңил машинасы сүзүп өрттөнүп кеткен. Анын кесепетинен экинчи унаанын айдоочусу каза тапканын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык борбор калаанын Чүй проспектиси менен Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Маркум 36 жашта экени белгилүү болду.

Куткаруучулар каза болгон жарандын сөөгүн машинадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0