Бишкектеги кафеден чыккан өрт өчүрүлдү

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБишкектеги “Мангал” кафесинде чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү
Бишкектеги “Мангал” кафесинде чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин үч унаасы өрттү саат 00.37де өчүргөн

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Бишкектеги “Мангал” кафесинде чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Абдрахманов менен Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафеде өрт чыкканы тууралуу маалымат 21.48де келип түшкөн. 

Саат 22.20да өрт чектелген.

Саат 00.37де өрт толугу менен өчүрүлдү. Алдын ала маалыматтарга караганда, 200 чарчы метрге жакын аянтты өрт жалмаган. Кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0