Бишкекте түндө мас абалында машина айдаган беш аял кармалды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүРабота автосалонов в Омске
Работа автосалонов в Омске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул милициясы бир нече күн рейд өткөрүп, жол эрежесин бузгандарды аныктады

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. 23-сентябрга караган түнү борбор калаада жүргөн рейд учурунда мас абалында машина айдап жүргөн 20 киши кармалса, алардын бешөө аялдар болуп чыкты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.

Рейд под названием Пассажирский транспорт. Парковка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бир жума ичинде айдоочуларга 3,5 млн. сомдук айып салынды
Мас болуп унаа айдап жүргөн кыз-келиндердин эң жашы 21 жашта. Андан сырткары, Toyota Land Cruiser автоунаасын айдап жүргөн 23 жаштагы кыз мас абалында гана болбостон, машинаны документи жок айдап жүргөн.

Жолдо жүрүү эрежесин бузгандарга карата административдик протокол түзүлдү.

Кармалгандардын арасында 20 айдоочу мас абалында, 15инин документи жок, 60сы жолдогу белгилерге баш ийген эмес. Андан башка дагы алтымыштай эреже бузган айдоочулар кармалган. Рейддин жыйынтыгында 36 машина айып короого токтотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0