ИИМ: шайлоо күнү теракт уюштурмакчы болгондор кармалды

Жазылуу
Күч органдары террордук актыларды даярдоого шектелген адамдарды кармап, үйлөрүнөн курал жана экстремисттик маанайдагы адабияттарды тапты

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Токмок шаарында теракт кылууга даярдык көрүп жаткан деп шектелген адамдар колго түшүрүлгөнүн ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Колго түшүрүү операциясын ИИМ кызматкерлери менен УКМК биргеликте ишке ашырды. 

"Шектүүлөр президенттик шайлоого даярдануу маалында жана ошол күнү террордук акт уюштурууну пландап жатышкан экен”, — деп айтылат билдирүүдө. 

Аталган шаардын 39 жаштагы тургунунун үйүн тинтүү маалында экстремисттик маанайдагы китеп, брошюра, аудио жана видеоматериалдар, ошондой эле РГД-5 гранатасы табылды. 

Ал эми 32 жаштагы аялдын үйүндө шек жараткан адабияттар, флешкарталар, жардыруучу заттарды даярдоого керектелүүчү кошулмалар, октор жана кесилген мыктык бар экени белгилүү болду. 

Дагы бир адамдын үйүнөн экстремисттик уюмдардын катарына чакырган адабияттар алынды. 

КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин бир нече беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 

Үч адам убактылуу кармоо жайына камалып, иликтөө иштери башталды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0