Бишкекте жол талашкан айдоочу башка айдоочуга ок чыгарды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүОлимпиада 2016. Стрельба. Мужчины. Скоростной пистолет
Олимпиада 2016. Стрельба. Мужчины. Скоростной пистолет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ок жабырлануучунун ийинин жанып өткөн

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкекте ок атышуу болгонун шаардык милициянын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Окуя 21-сентябрда кечинде Ахунбаев менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Жаңжалга Honda Fit менен Mercedes үлгүсүндөгү автоунаалардын айдоочулары катышкан. Алар жол талашып кетишкен. Honda Fit унаасынын айдоочусу тапанчасын алып чыгып, экинчи айдоочуну атканда ок анын ийинин жанып өткөн", — деп маалымат кызматы кабарлады.

Учурда эки айдоочу тең кармалып, тергөө амалдары башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0