Казакстанга чоочун паспорт менен кирүүгө аракеттенген КР жараны кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековПаспорт Кыргызской Республики. Архивное фото
Паспорт Кыргызской Республики. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жаран Казакстанга иш издеп барганын айткан

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү пунктунан чоочун паспорт менен өтүүгө аракет кылган 26 жаштагы кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, окуя 21-сентябрда болгон.

"Ал өзүнүн паспортун жоготуп жибергендиктен досунун паспорту менен чек арадан өтүүгө аракет кылган", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран Казакстанга иш издеп барганын айткан.

Тийиштүү документтер толтурулган соң, ал ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0