Нарында киши өмүрүнө забын болуп из жашырып кеткен айдоочу кармалды

© Фото / пресс-служба УВД Нарынской областиНаезд на пешехода в Нарыне
Наезд на пешехода в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктын себепкери күнөөнү мойнуна алды

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Нарын — Баетов жолунда унаа сүзүп кеткен киши каза болгонун аймактык милициядан билдиришти.

Новые автомобили Скорой помощи - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Тез жардам унаасы жол кырсыгына кабылды. Фельдшер оор абалда
Маалыматка ылайык, кырсык 19-сентябрь түнү Ак-Талаа айылында болгон. Унаа коюп кеткен 46 жаштагы жергиликтүү тургун жеринде каза болгон, ал эми айдоочу из жашырып кеткен.

Окуя болгон жерди текшерүүгө алган маалда Audi үлгүсүндөгү унаага тийиштүү бампердин бөлүктөрү табылган. Ушул сыяктуу тетиктери бузулган машина 25 чакырым алыстыкта бир үйдүн короосунан табылган.

Унаанын 23 жаштагы ээси Ак-Талаа РИИБге алып келинип, кырсыкка себепкер болгонун моюндады.

Чогултулган материалдын баары тергөөгө өткөрүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0