Бишкекте Тез жардам унаасы жол кырсыгына кабылды. Фельдшер оор абалда

© Sputnik / Александр Алпаткин / Медиабанкка өтүүНовые автомобили "Скорой помощи"
Новые автомобили Скорой помощи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыкка жолго чуркап чыга калган ит себепкер болгон

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бишкектеги Тез жардам кызматынын унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан кабарлашты.

Верблюд на дороге - Sputnik Кыргызстан
Төөнү коюп кеткен унаанын ичиндеги беш киши каза тапты. Алматыдагы кырсык
Кырсык бүгүн, 20-сентябрда болду.

Кайгуул милициясынын маалыматына караганда, аларга билдирүү таңкы саат 5.00дө келип түшкөн. Маалыматка ылайык, Түштүк магистралда Тез жардам кызматынын унаасы оодарылып кеткен, анын ичинде фельдшер, реаниматолог, айдоочу жана бейтап болгон.

Күч органдарынын маалыматына караганда, жолго чуркап чыга калган иттен улам айдоочу рулду буруп ийгенде унаа аласалып кеткен.

Фельдшер Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда оор абалда жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0