11:24 20 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.3251
  • EUR79.3703
  • RUB1.0533
Спирт ичимдиктерин ичип жаткан адамдар. Архив

Таласта үй ээси чогуу ичип отурган бөтөлкөлөшүнүн колунан каза тапты

© Sputnik / Валерий Мельников
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
204 0 0

Кылмышка шектүү киши туугандарынын үйүнөн кармалган

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Таласта милиция кызматкерлери спирт ичимдигин чогуу ичип отурган бөтөлкөлөшүнүн өлүмүнө шектүү катары 36 жаштагы адамды кармашканын ИИМ кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат күч органдарына 17-сентябрь күнү таңкы саат 4.40та түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция жана медицина кызматкерлери маркумдун аты-жөнүн тактап, ошол үйдүн 64 жаштагы ээси экенин аныкташкан.

"Көз жумган кишинин денесинде ур-токмоктун издери бар экен, анын зомбулукка кабылганы белгилүү болду. Бөлмөдөн спирт ичимдиктеринин бош бөтөлкөлөрү да табылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факт боюнча бир катар тийиштүү экспертизалар дайындалып, "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү туугандарынын үйүнөн колго түшүрүлгөн. Алгач күнөөнү мойнуна алган эмес.

Алдын ала маалымат боюнча арак ичип отургандардын ортосунда чыр чыгып, натыйжада үй ээси мерт болгон. Кармалган киши убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Тема боюнча

Базар-Коргондо аялын бычактап салган киши асынып өлдү
Адам өлтүрүп унаасын айдай качкан киши жол кырсыгына кабылып кармалды
Белгилер:
спирт ичимдиктери, милиция, Талас
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ