Тоңдо жеңил унаа менен жолтандабас сүзүшүп, бир адам мерт болду

Жазылуу
Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары жеткенге чейин Тез жардам унаасы жаракат алгандарды ооруканага алып кеткен

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунда жеңил унаа менен жолтандабас сүзүшүп, жыйынтыгында бир адам көз жумганын ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Тоң районунда кечээ саат 13:45 чамасында болгон.

"Volkswagen Passat жана Lexus RX300 үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Анын кесепетинен Volkswagen Passat унаасындагы үч адам жабыркап, алардын бири ооруканага алып бара жаткан жолдо каза болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары жеткенге чейин, Тез жардам унаасы жаракат алгандарды ооруканага алып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0