02:44 20 Аяк оона 2017
Түз эфир
Төө-Ашууда бензовоз күйүп жатат

Төө-Ашууда күйүп жаткан бензовоздун видеосу жарыяланды

© фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары (341)
155110

Кырсык Бишкек — Ош жолунун 100-чакырымында катталган

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Төө-Ашууда бензовоз күйүп жатканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

© видео очевидца, отправленное по Whats App-каналу
Төө-Ашууда күйүп жаткан бензовоздун видеосу жарыяланды

Анын айтымында, окуя 16-сентябрда саат 10:00дөр чамасында болгон жана ал жабыр тарткандарды көрбөгөнүн кошумчалады.

"Бензовоздун жанынан эч кимди көргөн жокмун. Болгону биздин жаныбыздан бир киши өткөнүн көрдүк. Мен эмне болгонуна кызыгып, айдоочу кайда экенин сурадым. Ал эч нерсе билбей турганын айтты. Жарылып кетүү коркунучунан улам айдоочулар ага жакындаганга даабай турушту", — деди күбө.

ӨКМдин алдын ала берген маалыматына ылайык, жабыркагандар жана каза болгондор жок. Бензовоз Бишкек — Ош жолунун 100-чакырымында күйгөн. Өрт өчүрүүчүлөр тартылган эмес, себеби автоунаа таандык болгон компания өз мойнуна алган. Өрт эмнеден улам чыкканы белгисиз.

Тема:
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары (341)

Тема боюнча

Чүйдүн Жайылында эки бензовоз кагышып, Кара-Балта суусуна 2 тонна мазут акты
Соттолгондорду Оштон Бишкекке алып келе жаткан машина кырсыкка кабылды
Белгилер:
бензовоз, Өрт, Төө-Ашуу

ЭҢ МААНИЛҮҮ