Уйку бузган эгиздерди өлтүрүп, муздаткычта кармашкан. Алматыдагы окуянын чоо-жайы

© AP Photo / Felipe DanaЫмыркайлар. Архив
Ымыркайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстанда тартип коргоо органдарынын кызматкерлери ташбоорлук менен өлтүрүлгөн эгиздердин ишин иликтеп жатат. Кармалгандар бул кылыгы үчүн өкүнгөн деле эмес.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Алматыдагы киреге алынган батирлердин биринде эгиз бөбөктөрдүн сөөгү табылган. Кылмышка шектелип алардын энеси менен аялдын үстүнө кирип жашап жаткан эркек кармалгандыгын Sputnik Казакстан жазды.

Камактагы шектүү жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адам өлтүрүп унаасын айдай качкан киши жол кырсыгына кабылып кармалды
Жансыз балдар 11-сентябрда Алматынын Түрксиб районунда табылып, полиция наристелерди жарыкка алып келген Алла Волченко жана аны менен жашаган өзбекстандык 29 жаштагы жаранды кармаган.

Алматынын Ички иштер департаментинин маалыматында алардын жарандык никеде тургандыгы, утурумдук жумуш менен жан багып, ичип тургандыгы маалымдалган. Балдар качан өлтүрүлгөндүгүн жана анын себебин полиция тактап жатат. Тартип сактоочулар наристелердин сөөгү муздаткычта 3-4 күн жатып калгандыгын айтууда. Сыртынан караганда алардын муунтулгандай түрү бар.

Полиция эгиздер жарыкка бир жыл мурда келгендигин, 12-июлда төрөлгөндүгүн аныктаган. Алардан башка үйдө дагы бир бала болгон.

"Дал ошол күнү "Саамал" кичирайонунда кичинекей бала табылып, өзү туурасында эч нерсе айта алган эмес. Тартип коргоочулар дароо ювеналдык полицияга чыгышкан. Ал Волченконун улуу баласы болуп чыккан", — деп айтылат маалыматта.

НИИ детской онкологии и гематологии РОНЦ имени Н.Н. Блохина - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын тургуну эки жаштагы баласына укол жасап, ал эсин жоготту
Аял менен бирге жашаган эркек балдардын атасы экендигин айтып, ишендиргенге аракет кылган. Полициянын маалыматында, алар бир аз соолуккандан кийин балдарды эмне үчүн өлтүрүп салгандыгын айтып беришкен. Эркек-аялдын айтымында, балдар жаагын баспай ыйлаган, киши "чарчап, иштен келгенден кийин эс алып укташы керек" экен.

Волченко жана эркек киши камакка алынып, аларга эки берене боюнча айып тагылууда. Бири адам өлтүрүү, ал эми экинчиси баланы кооптуулукка калтыруу.

Полициядан кармалгандар соолуккандан кийин деле бул кылыгы үчүн өкүнбөгөндүгүн айтышкан.

Ал эми эгиздердин тирүү калган агасы учурда калаадагы балдардын №2 ооруканасында жаткандыгы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0