БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Тепке айылында Mazda-626 үлгүсүндөгү автоунаа бакты сүзгөн. Жол кырсыктын кесепетинен жүргүнчүсү каза болуп, айдоочусу жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Кырсык 12-сентябрда саат 20:50 чамасында болгон.
"Жабыркаган киши Тез жардам кызматы менен райондук ооруканага жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.
Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар маркумдун сөөгүн машинадан чыгарып, милицияга өткөрүп беришкен.