Ош: бычак ала жүгүрүп сүйүүсүн арнаган жигит кармалды

Жазылуу
Милиция кызматкерлери жигиттин колундагы бычагын алып, өзүн тергөө бөлүмүнө өткөрүп беришкен. Учурда аталган факты боюнча шаардык милициянын Сулайман-Тоо бөлүмү тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.

ОШ, 12-сен. — Sputnik. Ош шаарында 18 жаштагы жигит окуучу кызды бычак менен коркутуп жаткан жеринен милиция кызматкерлеринин колуна түштү. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Окуя 11-сентябрда түнкү саат 22:30дар чамасында калаадагы Раззаков көчөсүндө болгон.

"17 жаштагы жабырлануучу кыз бул жигит менен курбусу аркылуу таанышкандыгын билдирди. Жигит аны сүйүп жүргөн. Ошол күнү кыз менен жолугуп калып, ортодогу келишпестиктерден улам бычак менен коркутуп артынан кубалаган", — деп айтылат маалыматта.

Жигит кармалып, учурда иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0