Каракол шаарында аялдаманы бүлдүргөн киши кармалды

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүПроизводство сельскохозяйственного оборудования в Волгоградской области
Производство сельскохозяйственного оборудования в Волгоградской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал темир ширетүүчү устаны жалдап, аялдаманы өзүм билемдик менен кестирип салгандыгын моюндаган. Себеби аталган жер тилкеси анын апасына таандык экенин айткан.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Каракол шаарындагы Токтогул жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдаманы кесип кетти делген киши кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 5-сентябрь күнү белгисиз адамдар аталган аймакка орнотулган аялдаманын түркүгүн темир ширетүүчү аппарат менен кесип, жараксыз абалга келтиришкен.

© © SputnikКаракол шаарындагы Токтогул жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдаманы кесип кетти делген киши кармалды
Каракол шаарындагы Токтогул жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдаманы кесип кетти делген киши кармалды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Каракол шаарындагы Токтогул жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдаманы кесип кетти делген киши кармалды
© © SputnikБелгилей кетсек, 5-сентябрь күнү белгисиз адамдар аталган аймакка орнотулган аялдаманын түркүгүн темир ширетүүчү аппарат менен кесип, жараксыз абалга келтиришкен.
Белгилей кетсек, 5-сентябрь күнү белгисиз адамдар аталган аймакка орнотулган аялдаманын түркүгүн темир ширетүүчү аппарат менен кесип, жараксыз абалга келтиришкен. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Белгилей кетсек, 5-сентябрь күнү белгисиз адамдар аталган аймакка орнотулган аялдаманын түркүгүн темир ширетүүчү аппарат менен кесип, жараксыз абалга келтиришкен.
1/2
Каракол шаарындагы Токтогул жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдаманы кесип кетти делген киши кармалды
2/2
Белгилей кетсек, 5-сентябрь күнү белгисиз адамдар аталган аймакка орнотулган аялдаманын түркүгүн темир ширетүүчү аппарат менен кесип, жараксыз абалга келтиришкен.

Аталган факты боюнча Каракол шаардык мэриясы милицияга кайрылган.

"Окуя болгон жерге келген тергөө-ыкчам тобу күбөлөрдү сураштырып, 5-сентябрь күнү болжол менен саат 19.30-20.30 аралыгында Токтогул көчөсүнүн түндүк тарабында жайгашкан аялдаманын түркүгүн атайлап кесип, бүлдүрүп кеткендигин аныкташкан. Келтирилген чыгым 142 246 сомду түзгөндүгү тастыкталды", — деп айтылат маалыматта.

Каракол шаарында  Каракол Ривер Парк деген аталыштагы эс алуу борбору ачылды - Sputnik Кыргызстан
Каракол шаарында жети миллион сомдук сейил бак ачылды. Сүрөттөр
Көрүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин натыйжасында аталган кылмышка шектелип, жер тилкесинин ээсинин баласы, 43-жаштагы Каракол шаарынын тургуну кармалган. Анын айтымында, аялдама орнотулган жер тилкеси энесине таандык экендигин, ошондой эле жеке ишкерлерге ижарага берип жүргөнүн билдирген. Ал темир ширетүүчү устаны жалдап, аялдаманы өзүм билемдик менен кестирип салгандыгын моюндаган. Андан сырткары, ал келтирилген чыгымды толук төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Бул факты Кылмыш жаза кодексинин 174-беренеси (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) менен кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0