Жогорку сотто ок менен кармалган аял окуянын чоо-жайын айтты

© AFP / JOHAN ORDONEZАрест по обвинению в вымогательстве и убийстве в Гватемале
Арест по обвинению в вымогательстве и убийстве в Гватемале - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөө учурунда аялдын үчүнчү топтогу майып экени аныкталган

БИШКЕК, 12-cен. — Sputnik. Жогорку соттун имаратына кирип баратып ок менен кармалган аял эмне үчүн жанына аны алып киргенин түшүндүрдү. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, милиция 40 жаштагы аялды 8-сентябрь күнү соттун имаратына кирип бара жатканда кармаган. Анын жанынан 7.62 мм калибрлүү ок табылган.

Кийинчерээк аталган жаран Донбасста көзгө атар болуп иштегенин моюндаган.

"Кармалган аял Жогорку соттун судьялары карап жаткан отурумда тараптардын бири болгон. Окуя болгон күнү имаратка соттук актыны алууга келген экен. Окту ал жанына тумар катары алып жүргөнүн айтты", — деп жазылат маалыматта.

Маалыматтарды тактоо учурунда аялдын үчүнчү топтогу майып экени аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0