20:32 24 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Казань. Архивдик сүрөт

Татарстандын борборунда 23 жаштагы кыргызстандык жигитти өлтүрүп кетишти

© Sputnik / Максим Богодвид
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
64510

Маркумду туугандары жакынкы күндөрү Кыргызстанга алып келишмекчи

БИШКЕК, 11- сен. — Sputnik. Казань шаарында 23 жаштагы кыргызстандык жигитти өлтүрүп кетишти. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты

Маркум Ош облусундагы Алай районунун тургуну болуп чыкты. Тартип коргоо органдары кылмыш ишин козгоп, шектелген бир киши кармалды. Полиция иликтөө иштерин улантууда.

Туугандары сөөктү жакынкы күндөрү Кыргызстанга алып келишмекчи. Элчилик учурда бул боюнча тиешелүү документтер толтурулуп жаткандыгын кошумчалады.

Тема боюнча

Москвада журналистти зордуктоого ниеттенген кыргызстандык күнөөсүн моюндады
Белгилер:
кылмыш, полиция, элчилик, киши өлтүрүү, Казань
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ