Көлдүн Чоң-Ак-Суу капчыгайында чыккан өрт өчүрүлдү

© Фото / пресс-служба МЧС КРПожар в Григорьевском ущелье Иссык-Кульской области
Пожар в Григорьевском ущелье Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгон жерде 60тан ашык киши иштеген

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Чоң-Ак-Суу капчыгайында чыккан өрт толугу менен өчүрүлгөнүн ӨКМ билдирди.

Пожар в центре скалолазания RockTown в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл: унаада тирүүлөй өрттөнүп кеткендердин тек-жайы такталды
Өрт 10-сентябрда саат 14.30да чыккан. Тилсиз жоону өчүрүүгө ӨКМдин 43 кызматкери жана жакынкы айылдардан 20 киши тартылган.

Жекшемби күнү бир гектар жердеги өрт өчүрүлгөн. Түндө өрт өчүрүү аракеттери токтоп, таңкы саат 6:30да кайтадан уланган. Ал эми толугу менен саат 16.00дө өчүрүлгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча 4-5 гектардагы куураган чөп күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0