"Ош" базардын жанындагы көпүрөдөн кулаган кишинин өлүмүнүн чоо-жайы

© AP Photo / Rick BowmerПриют в центре города Солт-Лейк-Сити
Приют в центре города Солт-Лейк-Сити - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү колго түшүрүлдү

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. "Ош" базарынын жака-белиндеги көпүрөдөн кулап каза болгон кишинин өлүмү боюнча айрым маалыматтар аныкталгандыгын Бишкек ШИИБден билдиришти.

Эске сала кетсек, 8-сентбярь күнү 19:00дөр чамасында Токтогул менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөдөн бир киши кулап каза болгон.

"Күбө белгисиз бирөө каза болгон адамды муштап туруп көпүрөдөн түртүп жибергенин айтты", — деп жазылат маалыматта.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Жалал-Абаддын 27 жаштагы тургуну кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда.

Каза болгон жаран дагы Жалал-Абаддын жашоочусу экени аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0