Бири-бирин ур-тепкиге алгандардын видеосун милиция иликтөөгө алды

Жазылуу
Видеодон 20га чукул бала тизилип туруп ортодон өткөн бир баланы эки тарабынан ур-тепкиге алганын көрүүгө болот

Мектеп курагындагы балдар кезек-кезеги менен бир баланы ортодон өткөрүп ур-тепкиге алып жаткан видеосу социалдык тармакка жарыяланды.

Конфликт между людьми - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда мушташкан балдарды ажыратпаган полиция кызматкери талкууга түштү
Ал видеодон көрүнгөндөй, эки тарап болуп тизилген 20га чукул баланын отосунан бирөөсү чуркап өтүүгө аракет кылат. Ал учурда тизилген балдар эки тарабынан ур-тепкиге алышат. Алар ортодон кезектешип өтүп жатышат. Арасынан соккудан жыгылып калган балдарды да көрүүгө болот.

Жогорудагы видео кайсы жерде тартылганы жана бул оюн же зомбулук экени азырынча белгисиз.

ИИМдин маалымат кызматы аталган видео боюнча жаш өспүрүмдөр менен иш алып баруу инспекциясы окуя кайсы жерде болгонун тактап жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0