Атамбаев: кыргызстандыктар ыплас шайлоону кабыл алышпайт

Жазылуу
Өлкө башчысы президенттик шайлоо таза жана ачык болушу керектигин эскертти

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кыргызстандыктар ыплас өткөн президенттик шайлоону кабыл албай турганын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Күн тартибинде бир гана маселе — Кыргызстанда президенттик шайлоого даярдык жана өткөрүү жөнүндө каралууда.

"Шайлоону жакшы өткөрүү керек. Шайлоо таза өткөндө гана анын жыйынтыгын эл тааныйт, таза болбосо кабыл албай коёт", — деди Атамбаев.

Ал ошондой эле 2015-жылы парламенттик шайлоо учурунда бир топ нааразычылыктар болгонун айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0