Ош: суусундукка арак кошуп берип карындашын зордуктады делген киши кармалды

© AFP / GREG BAKER Зордуктоо. Архив
Зордуктоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү жигит милиция тарабынан колго түшүрүлүп, ага зордуктоо беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

ОШ, 10-cен. — Sputnik. 30 жаштагы карындашын зордуктоого шектелип, анын бир тууган агасы кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Райхан Абдразакова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 30 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган.

"Ал 39 жаштагы бир тууган агасы суусундукка арак менен уктатуучу дары кошуп берип зордуктап салгандыгын билдирген. Бул фактынын негизинде шектүү киши милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлдү", — деди Абдразакова.

Шектүүгө карата зордуктоо беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда соттук медициналык, биологиялык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0