Москвада журналистти зордуктоого ниеттенген кыргызстандык күнөөсүн моюндады

Жазылуу
Иштин чоо-жайын тактап-аныктоо үчүн КР элчилигинин кызматкери окуяны иликтеген бөлүмгө барган

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстандык жаран Москвада НТВ телеканалынын журналистин зордуктоого аракет кылганын мойнуна алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иштин чоо-жайын тактап-аныктоо үчүн КР элчилигинин кызматкери окуяны иликтеген бөлүмгө барган.

Россиялык укук коргоо органдарынын билдиргени боюнча кыргызстандык жаран РФтин Кылмыш жаза кодексинин "Зордуктоого аракет кылуу" беренесинин негизинде 4-сентябрда кармалган.

Бул иш менен алектенген тергөөчү кылмышка шектүү киши коюлган күнөөнү мойнуна алганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0