00:59 23 Аяк оона 2017
Түз эфир
Кол кишенчен адамдын архивдик сүрөтү

УКМК Кыргызстанда теракт уюштурмакчы болгон кишини кармады

© Sputnik / Виталий Белоусов
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
82 0 0

Кармалган жарандын үйүнөн колго жасалган жардыруучу түзүлүштүн бөлүктөрү табылган

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Кыргызстанда "Ислам мамлекети" террордук уюмунун 29 жаштагы мүчөсү кармалганын УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, колго түшкөн киши мамлекеттик маанидеги иш-чара маалында террордук аракеттерди ишке ашырмак.

Жашаган жерин тинтүү маалында колго жасалган жарылуучу түзүлүштүн бөлүктөрү табылган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, уюмдун мүчөсү УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

Тема боюнча

УКМК: Жайылда атышуу учурунда эки террорчу жок кылынды
Бишкектеги Спорт сарайдын жанынан террорчу болушу мүмкүн делгендер кармалды
Белгилер:
теракт, "Ислам мамлекети" террордук тобу, УКМК

ЭҢ МААНИЛҮҮ