Казакстанда кыйраган кыргыз учагы. Кырсыктын чоо-жайы жана архивдик сүрөттөр

© Фото / Центральный государственный архив КРКатастрофа Ил-14 под Актюбинском
Катастрофа Ил-14 под Актюбинском - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын жарандык авиациясынын учагы жүргүнчүлөрү менен 59 жыл мурун Казакстандын ээн талаасына кулаган. Андагы каргашалуу окуяда ондогон киши көз жумган. Sputnik Кыргызстан адам өмүрүн алган авиакырсыктын чоо-жайын тактап, архивдик ирмемдерди сунуштайт.

Фрунзе шаарынан 1958-жылы 7-сентябрда 22 жүргүнчүсү менен Ил-14 үлгүсүндөгү учак Москвага жол тартат. Анын ичинде кыргыздын белгилүү композитору, комузчусу Сейдаалы Медетов дагы бар эле. Ал Чайковский атындагы консерваторияга акыркы курсун бүтүрүү үчүн бара жаткан. Алыскы сапарга аттангандардын арасында окумуштуу, чекист жана трактористтер дагы болгон. Андан сырткары, үй-бүлөсү менен кичи мекенине жол тарткан латвиялык жарандар бар болчу.

© Фото / Центральный государственный архив КРКыйраган учактын айрым бөлүктөрү 450-520 метр аралыкка чейин ыргып кеткен
Катастрофа Ил-14 под Актюбинском - Sputnik Кыргызстан
Кыйраган учактын айрым бөлүктөрү 450-520 метр аралыкка чейин ыргып кеткен

Учак алгач Казакстандын Ак-Төбө шаарына конот. Ал жактан экипаж тамактанып, техникалык кароодон өтүп, күйүүчү майын куюп сапарын улантат. Учак 1500 метр бийиктикке көтөрүлгөндөн кийин 40 мүнөткө жетпеген убакта байланыш толугу менен үзүлүп калат. №146 каттам 2 саат 25 мүнөттө Уральск аэропортуна конушу керек болчу, бирок ал көздөгөн жерине жеткен эмес. 

Мындан улам жерден жана абадан издөө иштери башталып, учак Константиновка айылынын түштүк-чыгыш тарабынан төрт чакырым алыс жерден табылат.

Аэропорттон 80 чакырым алыстыкта кулаган учакты изилдөө үчүн атайын комиссия 9-сентябрда келет. Алар кырсык болгон жерди карап, ошол аймактагы тургундар менен Уральск, Ак-Төбө аэропортторунун кызматкерлерин суракка алган.

© Фото / Центральный государственный архив КРУчакта жүргүнчүлөрдөн сырткары, 26 килограмм кагаз, 402 килограмм жүк болгон
Учакта жүргүнчүлөрдөн сырткары, 26 килограмм кагаз, 402 килограмм жүк болгон - Sputnik Кыргызстан
1/3
Учакта жүргүнчүлөрдөн сырткары, 26 килограмм кагаз, 402 килограмм жүк болгон
© Фото / Центральный государственный архив КРКырсык болгон ээн талаанын бир нече чакырымы өрттөнүп кеткен
Кырсык болгон ээн талаанын бир нече чакырымы өрттөнүп кеткен - Sputnik Кыргызстан
2/3
Кырсык болгон ээн талаанын бир нече чакырымы өрттөнүп кеткен
© Фото / Центральный государственный архив КРАнда 18 жүргүнчү, төрт кичинекей бала жана беш экипаж мүчөсү көз жумган
Анда 18 жүргүнчү, төрт кичинекей бала жана беш экипаж мүчөсү көз жумган - Sputnik Кыргызстан
3/3
Анда 18 жүргүнчү, төрт кичинекей бала жана беш экипаж мүчөсү көз жумган
1/3
Учакта жүргүнчүлөрдөн сырткары, 26 килограмм кагаз, 402 килограмм жүк болгон
2/3
Кырсык болгон ээн талаанын бир нече чакырымы өрттөнүп кеткен
3/3
Анда 18 жүргүнчү, төрт кичинекей бала жана беш экипаж мүчөсү көз жумган
Иликтөөнүн архивдик материалдарына ылайык, учактын сынган бөлүктөрү жарым чакырымга, жүргүнчүлөр менен экипаждын дене мүчөлөрү 250-350 метр аралыкка чейин ыргып кеткен.

Соттук-медициналык экспертиза каза болгондордун денесинде күйүк жок экендигин жана алар түтүндөн ууланбагандыгын аныктап чыккан.

Каргашалуу окуяга күбө болгондордун бири, Дзержинский колхозунун малчысы Шлягер укук коргоо органдарына мындай көрсөтмө берген.

"Мен ал маалда учак кулаган жерден 5,5 чакырым алыстыкта жүргөм. Жергиликтүү убакыт боюнча саат алтыларда катуу ун чыкты. Асманды карасам көлөмдүү бир нерсе түшүп келе жатыптыр. Учак бир жарым мүнөттөй асманда айланып жүрүп анан кулады", — деп билдирген Шлягер.

© Фото / Центральный государственный архив КРАдистер учакка чагылган тийип, экипаж мүчөлөрү эс-учун жоготкон деген чечим чыгарган
Катастрофа Ил-14 под Актюбинском - Sputnik Кыргызстан
Адистер учакка чагылган тийип, экипаж мүчөлөрү эс-учун жоготкон деген чечим чыгарган
Авиакатастрофа Boeing 737 недалеко от аэропорта Манас 24 августа 2008 года - Sputnik Кыргызстан
Авиакырсыктан аман калган Байыш: түтүн каптады, муунуп баратып баары бүттү дедим...
Жыйынтыгында комиссия тиешелүү маалыматтарды чогултуп, кырсыктын келип чыгышына Ак-Төбө аэропортунун метеостанциясынын кызматкерлерин күнөлүү деп тапкан. Себеби алар тийиштүү адистерге аба ырайы тууралуу эскертүү берген эмес. Анын айынан учакка чагылган тийип экипаж эс-учун жоготкон деген божомолдор айтылган. Мунун аркасында башкаруу жоголуп учак катуу ылдымдык менен жерге түшкөн.

Каргашалуу кырсыктан 18 жүргүнчү, төрт кичинекей бала жана беш экипаж мүчөсү каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0