Ош: келини башын кесип таштандыга ыргыткан аялдын сөөгү жерге берилди

© AFP / KENZO TRIBOUILLARDМүрзө. Архив
Мүрзө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялдын кесилген башы табыла элек. Дин кызматкерлери анын сөөгүн жерге берүүгө уруксат беришкен.

ОШ, 4-сен, — Sputnik. Келини башын кесип таштандыга ыргыткан аялдын сөөгү Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында жерге берилди. Бул тууралуу аталган айыл аймагынын жооптуу катчысы Рысбек Ботобеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эске сала кетсек, 27-август күнү Ош шаарындагы таштанды салган контейнерден башы кесилген аялдын денеси табылган. Кылмышка шектүү деп маркумдун келини менен анын эжесин милиция кызматкерлери кармаган.

Ботобековдун айтымында, маркумдун үй-бүлөсү 2010-жылы Кашка-Суу айылынан Кара-Суу районунун Мады айыл аймагына көчүп кеткен.

"Дин кызматкерлери анын сөөгүн жерге берүүгө уруксат беришкен. Маркумдун жакындары аны улуу баласынын үйүнөн акыркы сапарга узатышты. Ал эки уул, бир кыздын энеси эле", — дейт ал.

Ош шаардык ИИБдин берген маалыматы боюнча 51 жаштагы аялдын кесилген башы табыла элек. Аны издөөгө маркумдун жакындары да тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0