Суусамырда унаадан түшүп жаткан эки адамды арттагы машина коюп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кырсыгынан жабаркаган адамга жардам берүү. Архив
Жол кырсыгынан жабаркаган адамга жардам берүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгон жерде жан бергендердин бири жаш кыз болгон

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Суусамырдагы жол кырсыгынан улам эки адам көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Анын айтымында, каргашалуу окуя 3-сентябрь күнү Бишкек — Ош унаа жолунда болгон.

"Бишкек — Ош жолунда бара жаткан машина бузулуп калып, жол жээгине токтогон. Андан бир аял жана кыз чыгып жатканда арттан катуу ылдамдыкта келе жаткан белгисиз унаа коюп кетти. Алар окуя болгон жерде көз жумушту", — деди күбө.

Ал эми Чүй облустук Кайгуул милициясынан маалымат такталып жатканын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0