Баткенде Porter менен КМШ өлкөлөрүнө баңгизат алып бара жаткандар кармалды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүСитуация в городе Ош
Ситуация в городе Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда бул ишке тиешеси барларды жана уюштуруучуларды издөө иштери жүрүп жатат

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Баткенде Hyundai Porter унаасы менен баңгизат алып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Героин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Героинди сары жүрмөгө аралаштырып түрмөгө алып киргендер кармалды
Унаадан Кыргызстандан транзит менен КМШ өлкөлөрү үчүн делген 29 килограмм афган чарсы (баңгизаттын бир түрү) табылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 247-беренеси (банги каражаттарын, психотроптук заттарды же прекурсорлорду сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда бул ишке тиешеси барларды жана уюштуруучуларды издөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0