БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн кытай жараны Кыргызстанда кармалгандыгын ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Кытайдын Шандунь провинциясында кылмыш кылды делген Чен Ксиянфу аттуу 50 жаштагы адам Кыргызстандын аймагында жашынып жүргөнүн укук коргоо орган кызматкерлери аныкташкан.
"Маалыматтарга караганда ал Кыргызстанга 2013-жылы келген. Биздин өлкөнүн аймагында жашоого жана ишкерлик кылууга уруксат берген документтерди алган соң жеке бизнес менен алектенип жүргөн", — деп айтылат билдирүүдө.
Колго түшүрүлгөн адам Кытайдын тиешелүү органдарына өткөрүп берилип, Бишкек — Үрүмчү каттамы менен өз мекенине жөнөтүлдү.