Бишкектеги "Азиз" базарында чыккан өрт өчүрүлдү

© Фото / пресс-служба МЧС КРПожар в складе и административном здании на рынке "Азиз" по улице Махатмы Ганди
Пожар в складе и административном здании на рынке Азиз по улице Махатмы Ганди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктын себептери азырынча белгисиз

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Бишкектеги Махатма Ганди көчөсүн бойлой жайгашкан "Азиз" базарындагы өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Өрт административдик имарат менен кампада эртең менен саат 6да чыккан. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчү унаалар тартылып, саат 7.42де чектелген. Кырсык 600 чарчы метр аянтка жайылган.

Өрт толугу менен саат 9.52де өчүрүлгөн. Кырсыктын чоо-жайы ушу тапта аныкталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0