БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Нарын облусунун прокуратурасы Нарын ШИИБдин Кайгуул милициясынын ага инспекторуна карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, инспектор кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2016-жылдын январынан 2017-жылдын февралына чейин жол эрежесин бузган айдоочуларга 110 даана күбөлүктү кайтарып берип койгон.
"Аталган мыйзамсыз аракеттерден улам мамлекетке 29 миң 400 сом зыян келген", — деп айтылат маалыматта.
Тергөө учурунда келтирилген чыгым мамлекетке төлөп берилген. Андан сырткары, инспектор күнөөлүү деп табылып, 30 миң сом айыпка жыгылды.