Үйүнө кирип атасына кол салган ууруну баласы атып салды

Жазылуу
67 жаштагы киши ооруканада. Аталган факты боюнча адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Панфилов районундагы айылдагы үйлөрдүн бирине кирип келген ууру үй ээсине ок чыгарганын Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта, 67 жаштагы киши 1-сентябрда үйүндө отурганда болжол менен саат 17:25тер чамасында үйгө кирип келген ууру аны курсак тарапка аткандыгы айтылат.

"Кишинин башка бөлмөдө отурган 42 жаштагы баласы ок атылганын угуп сыртка чуркап чыккан. Анын колунда да мылтык болгон. Үй ээсинин баласы ууруну атканда, ошол жерден жан берген", — деп айтылат маалыматта.

67 жаштагы киши ооруканада. Аталган факты боюнча адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0