Бишкекте телефондун айынан 50 жаштагы кишини өлтүрүп койгон

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүМилиция кызматкерлерии. Архив
Милиция кызматкерлерии. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектелип жаткан жаран аны 17 августа өлтүргөнүн мойнуна алган

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкек шаарында 50 жаштагы кишини өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына милициядагы өздүк булактар билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2-сентябрга караган түнү борбор калаадагы үйлөрдүн биринде кылмышка шектүүнүн жүргөндүгү туурасында укук коргоо органдарына кабалашкан. 

“Милицияга шектүү жарандын достору телефон чалган. Ал колго түшүрүлүп адам өлтүргөндүгүн мойнуна алды”, — деп айтылат билдирүүдө. 

Кайын энесин өлтүрүүгө шектелген келин: кесилген башты эжем бөлөк таштандыга салыптыр - Sputnik Кыргызстан
Кайненесин өлтүрүүгө шектелген келин: кесилген башты эжем бөлөк таштандыга салыптыр
Кылмышка шектелип жаткан жаран 57 жашта. Ал мындай кылмышка барышына телефон талашуу себеп болгонун айткан. 

“Ал маркумду темир таякча менен уруп өлтүргөн соң шаар четине алып барып көөмүп койгон. Учурда каза болгон кишинин сөөгү изделүүдө. Шектүүгө карата тергөө иштери жүрүп жатат”, — деди милициядагы өздүк булак. 

Алдын ала маалыматтар боюнча кылмышка шектелип жаткан жаран буга чейин беш жолу соттолгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0