Ошто милиция мал уурулардын тобун колго түшүрдү

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүРанним утром в районе деревни Ивановская
Ранним утром в районе деревни Ивановская - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда шектүү жарандардын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар-жогун тактоо үчүн иликтөө иштери жүрүп жатат

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Мал уурулук менен алектенип жүргөн топ колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Анын айтымында, Кара-Суу районунун 45 жаштагы жашоочусу 2017-жылдын 16-июлунда төрт баш малын белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин айтып арыз менен кайрылган.

"Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин №165-беренесинин (мал уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош шаарынын 29 жана 19 жаштагы тургундары бул кылмышка шектүү катары кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — деди Ашырбаев.

Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0