Алай: жүрүп бараткан унаада бейбаштык кылып издөөгө алынган балдар аныкталды

© SputnikМолодой парень на большой скорости едет на крыше автомобиля. Фото со страницы пользователя Instagram omks_video
Молодой парень на большой скорости едет на крыше автомобиля. Фото со страницы пользователя Instagram omks_video - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Ош-Эркештам жолунун 83-84-чакырымында катталган. Бейбаштык кылгандар Кайгуул милициясы тарабынан аныкталып, ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

ОШ, 30-авг. — Sputnik. Жүрүп бараткан унаанын үстүндө өздөрүн видеого тартып социалдык түйүндөрдүн бирине жайгаштырган жигиттердин ким экендиги аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук Кайгуул милиция бөлүмүнүн маалымат катчысы Айбек Бечелов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Когда кровь кипит…

Публикация от doshan.nusupbekov (@doshan.nusupbekov) Авг 21 2017 в 7:40 PDT

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 21-августунда социалдык түйүндөрдүн биринде унаанын үстүндө бараткан жигиттердин видеосу жарыяланган. Милиция аларды издөөгө алган.

"Окуя Ош — Эркештам жолунун 83-84-чакырымында катталган. Алар Алай районунун Гүлчө айылынын 18 жаштагы тургундары экендиги аныкталды. Унаа айып короого киргизилип, айдоочусуна карата Административдик кодекстин 249-беренесинин (бейбаштык) негизинде үч миң сом айып пул салынган, — деди Бечелов.

Ал кошумчалагандай, балдардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0