Базар-Коргондо аялын бычактап салган киши асынып өлдү

Жазылуу
Ортодогу чыр кызганычтан улам чыккан

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Базар-Коргондун Бешик-Жон айылында бычакталган аял менен асылган эркектин сөөгү табылганын ИИМ билдирди.

Милицияга алгач айылдын жашоочуларынан сарайга асылып турган эркек тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке келген милиционерлер үйдүн ичинен аялдын да сөөгүн табышкан.

"Бизге түшкөн маалыматтар боюнча жубайлардын ортосунда кызганычтан улам чыр чыккан. 30 жаштагы аял 25-августта Россияга жөнөмөк, билети да сатып алынган. Бирок ортодо жаңжал чыгып, 39 жаштагы күйөөсү ага бир нече ирет бычак уруп, андан соң өзү сарайга барып асылып калган", — деп айтылат билдирүүдө.

Насилие над женщинами в КР - Sputnik Кыргызстан
Таласта эки аялын тең уруп өлтүргөн чабан кармалды
Маркумдардын туугандары 10 жыл бирге жашаган үй-бүлөдө буга чейин да чыр-чатактар болуп келгенин, быйыл жаңы там салып киргенин айтышты. Жубайлар чатакташкан кезде үйдө эч ким болгон эмес, балдары таятасыныкында экени белгилүү болду.

Аталган факты боюнча Базар-Коргон РИИБи "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0