БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Кош-Көл айылындагы пансионаттардын бирине караштуу аймакта 13 жаштагы кыз менен 15 жаштагы бала чөгүп кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Куткаруучулар бала менен кыздын сөөгүн бир саатка чукул убакыт ичинде таап, туугандарына өткөрүп беришти", — деп айтылат маалыматта.
Чөккөндөрдү издөөгө ӨКМдин беш куткаруучусу тартылган.