Оштогу массалык мушташты милиционерлер асманга ок чыгаруу менен токтотту

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүАкция ДПНИ и "Славянского союза" на Суворовской площади
Акция ДПНИ и Славянского союза на Суворовской площади - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушташып жаткан жигиттерди арачалоого мүмкүн болбой калганда ок чыгарууга туура келген

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Оштогу ресторандардын биринде чыккан массалык мушташты токтотуу үчүн милиционерлер эки ирет асманга ок чыгарган. Бул тууралуу калаанын ИИББинен билдиришти.

Мадина базарынын аймагында күзөтчүлөр менен соодагерлердин ортосунда чыр чыкканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди - Sputnik Кыргызстан
"Мадина" базарынын күзөтчүлөрү менен соодагерлердин ортосунда чыр чыкты
23-августтан 24-августка караган түнү төрт жигит топтошкон балдар менен мушташа кеткен. Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү чырды токтото албай калгандыктан, милицияны чакырышкан.

Анткен менен тартип сакчыларынын дагы күчү жетпей калгандыктан асманга эки ирет эскертүүчү ок чыгарган.

Мушташтын катышуучулары кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0