Ошто мас кыз энесин бычактап салды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи поножовщины в КР
Случаи поножовщины в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 23-августта кечинде саат 19:30дар чамасында "Южный" кичирайонунда катталган.

ОШ, 24-авг. — Sputnik. Мас абалындагы кызы бычак сайган эне ооруканада көз жумду. Анын сөөгү Ош шаардык өлүкканада кармалып турганын аймактык кабарчы милицияга таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 23-августта кечинде саат 19:30дар чамасында "Южный" кичирайонунда болгон.

"61 жаштагы аял 39 жаштагы кызы экөө ичимдик ичишкен. Кызуу абалында чырдаша кетишип, кызы энесинин оң бөйрөгүнүн тушуна бычак сайып жиберген. Жабырлануучунун кошуналары милицияга кабар берип, тез жардам чакырышкан. 61 жаштагы аял алган жараатынан улам шаардык ооруканада көз жумду", — деп айтылат билдирүүдө.

Окуя тууралуу кабар милицияга кечки саат 20:00дөр чамасында келген. Шектүү катары жабырлануучунун 39 жаштагы кызы кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Ал окуя тууралуу көрсөтмө берип, күнөөсүн мойнуна алган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0