Чүйдүн Жайылында эки бензовоз кагышып, Кара-Балта суусуна 2 тонна мазут акты

© AP Photo / Felix MarquezМай ташуучу унаалар. Архив
Май ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экинчиси бензовоз жол эрежесин сактабай биринчи бензовоздун артынан келип сүзгөн.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Жайыл районунда "Жунда" ЖЧКсына тиешелүү бензовоз дагы бир май ташуучу унаа менен кагышып, Кара-Балта суусуна 2 тонна мазут акты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, экинчи бензовоз жол эрежесин сактабай биринчисин артынан келип сүзгөн.

Жол кырсыгы болгон жерге ӨКМдин Жайыл райондагы бөлүмүнүн өкүлдөрү, экотехинспекция, прокуратура, санэпидемстанция, Кайгуул милициясы, жол ишканасынын кызматкерлери барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0