ЦУМдагы бомба. Шектүү кармалды

© Sputnik / Максат ЭлебесовОцеплен здание ЦУМ в Бишкеке /
Оцеплен здание ЦУМ в Бишкеке / - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факт боюнча материалдар УКМКга берилди

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын чок ортосундагы ЦУМ дүкөнүндө бомба коюлгандыгы боюнча жалган чалуу жасады делген киши кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Эске сала кетсек, жекшемби күнү ЦУМ дүкөнүнө бомба коюлганы тууралуу милицияга маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге саперлор жана кинологдор келип, имарат курчоого алынган. Кийинчерээк билдирүү жалган экендиги аныкталган

"Ыкчам иликтөө аракеттеринин натыйжасында жалган чалуу жасаган киши кармалды. Ал 27 жаштагы КР жараны экен", — деп жазылат маалыматта.

Учурда материалдар УКМКга берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0