Оштун "Араван-Ак-Буура" каналына 19 жаштагы бала агып кетип каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековНесчастные случаи в озерах КР
Несчастные случаи в озерах КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уландын сөөгү 7 сааттан кийин табылган

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Ош шаарынын Учар айылында "Араван-Ак-Буура" каналына 19 жашатагы бала агып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, окуя тууралуу шаардык куткаруу кызматына 20-август күнү эртең мененки саат 8.30да маалымат келип түшкөн.

Издөө иштеринин натыйжасында саат 16.10дө сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Сууга тумчуккан адамга кантип биринчи жардам көрсөтүлүшү керектигин Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0