Кыргызстанда жер титиреди

Жазылуу
ӨКМден алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жок экендигин билдиришти

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызстанда түнкү экиге чукул Ош, Жалал-Абаддын бир нече аймактарында күчү беш баллга жеткен жер титирөө болду. Бул туурасында Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан кабарлашты.

"Түндө саат 01:51:38де Ор-Казган, Ак-Терек, Канжыга,Тосой, Жийде айылдарында 4,5 балл, Көк-Жаңгак шаарында, Салам-Алик, Заргер, Ничке-Сай айылдарында 4 балл, Жалал-Абад шаарында 3 балл болду", — деп айтылат маалыматта.

Землетрясение в Китае - Sputnik Кыргызстан
Кытайдагы ири жер титирөөнүн эпкини Кыргызстанга да тийди
Анын очогу Ор-Казган айылынан беш чакырым түштүк-чыгышта, Көк-Жаңгак шаарынан 25 чакырым чыгышта, Жалал-Абад шаарынан 45 чакырым түндүк-чыгышта, Ош шаарынан 82 чакырым түндүк-чыгышта болгондугу маалымдалган.

Анда жер титирөөнүн очогу Кыргызстанда экендиги айтылат.

Ал эми ӨКМден алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жок экендигин билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0