Бишкек — Ош жолунда жүк ташуучу автоунаа кырсыктап, айдоочу каза болду

Жазылуу
Автоунааны 36 жаштагы жаран айдап бараткан

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Ишемби күнү Бишкек — Ош жолунун 219-чакырымында (Токтогул районундагы Ала-Бел ашуусу) адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталганын ӨКМ билдирди.

DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа жардан кулап кетиши мүмкүн. Аны Алматы облусунда жашаган 36 жаштагы киши айдап баратканы аныкталды.

Кырсыктын кесепетинен ал каза болуп, сөөгү өлүкканага жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0